Кайра шайлоо. Бишкектеги 2 округда добуш берүү аяктады

Бүгүн, 27-февралда саат 20:00дө №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүү аяктады.

Саат 20:00дө шайлоо тилкелери эшигин жапты. Шайлоого 50 талапкер катышууда. Шайлоочулардын тизмесине 219 миң 654 адам кирди, анын ичинен 92 миң 587 эркек, 127 миң 67 шайлоочу аял.