Кайра шайлоо. Бүгүн Кыргызстанда “жымжырттык күнү”

Кыргызстанда 26-февралда саат 08:00дө №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”.

Кайра шайлоо 27-февралда саат 8:00дөн 20:00гө чейин өтөт.

«Жымжырттык күнү» үгүт иштерине, шайлоого катышууга же катышпоого чакырган коомдук кайрылууларга жана массалык иш-чараларга тыюу салынат.