Талапкерлердин бюллетендеги катар номерлерин аныктоочу чүчү кулак 7-февралга чейин болот. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, бюллетендерде «баарына каршы» деген графа да болот. БШК шайлоочулардын катышуусу ар бир шайлоо округу – Биринчи Май жана Свердлов боюнча өзүнчө санала турганын белгиледи. Жеңүүчү көпчүлүк добуш менен аныкталат.
БШК жыйынтыктарды 12-мартка чейин чыгарууга милдеттенет. БШК талапкерлерди 7-февралга чейин катташы керек. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8:00дө аяктайт. Бир мандаттуу эки шайлоо округу – Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өткөрүлөт.