Кайра шайлоо. Чүчү кулак өткөрүү күнү аныкталды

БШК бир мандаттуу эки — Биринчи Май жана Свердлов райондук округдары боюнча кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендериндеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрүү күнүн бекитти. 

Чүчү кулак 8-февралда болот. Ошол эле күнү бекер эфирдик убакыт бөлүштүрүлөт. Аны «Бешинчи канал» берет. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертет.

Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда саат 8:00дө аяктайт. Бир мандаттуу эки округда — Биринчи Май жана Свердлов округунда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.