Кайра шайлоо. Токмокто добуштар кайра саналышы мүмкүн

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке добуш берилген бардык тилкелердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну чечти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, добуштарды кайра саноого «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партиясынын арызы негиз болгон. Аталган партиялардын дооматына ылайык, бардык тилкелерде добуштар кол менен саналган эмес. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуштарды кайра эсептөө БШК мүчөсүнүн катышуусунда ишке ашууга тийиш.

Учурда Боршайком Токмок АШКнын бул чечимин карап жатат.