Кайра шайлоонун жыйынтыгы. «Эмгек» партиясынын тарапташтары БШКнын алдында митинг өткөрүштү

БШКнын алдында «Эмгек» жана «Асыл Мурас Жаштар» партияларынын тарапташтары митинг өткөрүштү. Алар бир күн мурун Токмок АШКсы жокко чыгарган «Эл биримдиги» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону калыбына келтирбөөнү талап кылышууда.

Митингчилер аймактык комиссиянын чечимин колдоону жана саясий уюмга мандат бөлүштүрүүгө жол бербөөнү талап кылышууда.

Белгилей кетсек, «Эл Биримдиги» 11-июлда 12,13 пайыз добуш алган.

Буга чейин «Эмгек» жана «Асыл Мурас Жаштар» партиялары Токмоктогу бардык 20 УШКда добуштарды кайра санап чыгууну талап кылышкан. АШК талапты канааттандырып, БШК чечимди негизсиз деп жокко чыгарды.