Кайрат Примбердиев: «Викрам Казакстанды кой, Кыргызстанда митингге чыкчу эмес»

Бүгүн, 9-январда Бишкекте Казакстандын элчилигинин жанында Алматыда кармалган музыкант Викрам Рузахуновдун кесиптештери жана тарапташтары митинг өткөрүштү. Алар бул окуяны териштирүүнү жана Кыргыз жаранын тез арада үйүнө кайтарууну талап кылышты.

Ырчы Кайрат Примбердиев да митингге чыгып, аны видеодон Викрам Рузахунов экенин бардык туугандары тааныганын айтты. «Аны кармап алышып, террористтик акттарга, талап-тоноочулукка, талкалоого катышкан деп айыптап жатышат. Викрамды белгилүү джаз музыканты катары тааныйм жана аны 90 миң тенге үчүн митингге барат дегенге ишенбейм. Казакстан менен жөө басып өтүүчү чек ара жабык мурдатан жабык, билет сатып алуу оңой эмес акчаны талап кылат. Ал бул акчаны билетти эле төлөөгө алган болуп калабы?» — деди ырчы.

Анын айтымында, Викрам Рузахуновду видеодон көргөн адам анын даярдалган текстти окуп жатканын, коркуп турганын көрүп аңдоого болот. «Мына мен канча жолу жарандык позициямды билдирип жүрөм, митингдерге чыгып турам, бирок мен аны музыканттын туулган жери болгон Кыргызстандан бир да жолу митингдерден көргөн эмесмин. Анан эмне башка чоочун өлкөгө барып митинг кылмак беле, акылга сыйбай жатат», — деди Примбердиев.

Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды. Буга удаа эле Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам — бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов экенин тааныштары видеодон таанып, коңгуроо кага баштаган. Ички иштер министрлигинен музыканттын Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алганын, 2-январь күнү саат 20:00дө учуп кеткенин маалымдашты.