Кайсы аймактарда сел жүрүшү мүмкүн? ӨКМ карта жарыялады

5-7-июль күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети Өгуз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чуй облусунун Панфилов, Жайыл жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун аймактарында ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.
Республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо тилкелерине, айрыкча:
— Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
— Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
— Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымында;
— Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымында;
— Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
— Ош-Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында сел, таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.
Өлкө жарандарын жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалдарга күбө болсоңуз “112” кызматына жана жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылыңыздар.