Кайсы айыл тургундары көчүрүлүүдө? ӨКМ эвакуация иштерин баштады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы чырга байланыштуу эвакуацилоо иштери башталганын маалымдайт.

Учурда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр,  Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарында тургундарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менчик унаалары менен Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуация жүргүзүүдө. Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат, Кулунду, Сада айылдарында жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жергиликтүү бийлик тарабынан менчик унаалар менен коопсуз жайга эвакуацияланууда. Аксай айылына ӨКМдин куткаруучулары жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо максатында 4 КамАЗ, 2 спринтер жана пикап унаалары менен чыгып кетти.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн маалыматы боюнча, Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалды. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.