«Кайсы күнөөм үчүн?». Тез жардам кызматкери зордуктоо боюнча жүрөк үшүн алган окуяны айтып берди

Сиренанын үнүн жаңырта чакыруулар боюнча медициналык жардамга муктаждарга шашып жүргөн тез жардам кызматкерлерин көрүп жүрөбүз. Дал ошол тез жардам кызматында 33 жылдан бери эмгектенген Айнагүл Алымкулова SUPERTV’га өз ишиндеги эсте калган, жүрөк үшүн алган, кейиткен жана кубанткен учурларды эстеп айтып берди.

«8-9-жыл мурун бир чакырыкка бардык. Зордуктоо боюнча деп айтышты. Кыз тигүүчү болуп иштеп, үйүнө кеч бара жаткан экен. Ошол жерде 2-3 киши арак ичип отурушкан экен. Кезек менен зордукташыптыр. Кыйкырса оозун басып, көгала кылып муштаптыр. Бирөөлөр келе жатканын көрүп, качып кетишкен. Тез жардам чакырышкан. Кыз нес абалда болду. Эсине келгенде окуяны айтып берди. Бирөөсү бир чапканда эсин жоготконун айтты. «Эмне болгонун билбейм, денем ооруп жатыптыр» деди. 23төрдөгү кыз экен. Жолдо карай ыйлап, «кайсы күнөөм үчүн?» деп кыйкырып, эсин жоготуп, кайра эсине келип жатты. Түнү менен гинекологияга жеткирдик», — деди ал.