Кайсы неврологиялык илдет менен жапа чеккен бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөшү керек?

Неврологияда кээ бир бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев айтып берди.

Эпилепсиянын оор формалары, фебрилдик талма;
Борбордук нерв системасынын курч сезгенүү оорулары (менингит, энцефалит, миелит, полиомиелит);
Инсульт (ишемиялык, геморрагиялык инсульт жана субарахноиддик кан кетүү) абал турукташканга чейин;
Бардык неврологиялык оорулар башкача стаматикалык оорулар менен коштолсо боор, бѳйрѳк, калкан без, кант диеабети, коронардык курч синдром. Ѳзгѳчѳ — ѳпкѳ оорулары, курч вирустук респиратордук инфекция, ичеги инфекциялары курч учурунда вакцина алуудан абайлоо керек. Бирок дене табы нормалдашкан учурда вакцина алуу сунушталат;
Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап, анафилактикалык шок алып, дене табы 40 градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт.
Тубаса иммундук системасы тѳмѳн адамдарга вакцина жасаганга болбойт. Бирок мындай жарандар аз кездешет. Бул жерде ВИЧ инфекциясы жана СПИД менен ооруган бейтаптар тууралуу сѳз болгон жок. Буларга вакцина алганга болот.
Гийена-Барре синдрому менен ооруган бейтаптар толук турукташканга чейин вакцинадан кармануусу зарыл.