«Кайын журтум аябай колдойт» дейт интернетти «жарып» жаткан нарындык «диктор» келин

Интернетте үй-бүлө, мамиле маселелерин диктор сымал сүйлөп, видеого тарткан келинди көрсөңүздөр керек. Ал келиндин аты Тянь-Шань Кенжебек кызы. “Видеолорум көп эркекти чычалатты” деген ал өзү тууралуу айтып берди.

«Мен өзүмдүн видеолорум менен кыргыз келиндеринин аруулугун, сабырдуулугун, тазалыгын, бийиктигин көрсөткүм келет. Ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алышат, бирок айымдар абдан колдоп жатышат. Мен видеолорду өзүм эле тартам, операторум жок. Идеялар да өзүмдөн чыгат. Кайын журтум мени колдоп турат. 

Мен Нарындын кызымын, Нарынга эле турмушка чыктым. Нарындыктар аябай колдошот. Бул абдан жагымдуу. Мен кичинемден журналист болууну каалачумун. Мектептеги иш-чара менсиз өтчү эмес. Кыргыз тилчимин», — деди ал.