«Кайын журтум өз кызындай кабыл алышты» дейт коробка чогултуп таанылган Айчүрөк

Бир жылдары базарда коробка чогултуп, оорулуу апасына жардам берген Айчүрөктүн баяны интернетте кеңири тараган. Ал кезде Айчүрөк өспүрүм болчу. Ал бой жетип, турмушка чыгып, учурда сүйүктүү жар, бир баланын энеси.

«Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Балам бар. Жолдошум менен Инстаграмдан таанышканбыз. Турмушка чыктым. Бул жакка жакын жашайбыз. 1 айда бир, 3-4 жумада бир келип турам. Жолдошум мени билчү эмес экен, кайын журтум билишчү экен. Бирок мага айтышчу эмес. Кийин көргөнбүз дешти. Кайын журтум аябай жакшы адамдар. Өз кызындай кабыл алышты», — дейт ал.