Бүгүн, 20-январда саат 17:00дөр чамасында Kaktus.media сайтынын редакциясы эвакуациялана баштады.
Укук коргоо органынын өкүлүнүн айтымында, имарат (алты кабаттуу бизнес борбор) толугу менен эвакуацияланат. Маалыматка караганда, бомба тууралуу билдирүү түшкөн.
Буга чейин Бишкекте RedCenter соода борборундагы жарандар эвакуацияланганы маалым болгон.