Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Улуттук жазуучулар союзу менен биргеликте калемгерлерге арналган “Алтын калем” улуттук сыйлыгына сынак жарыялайт.
Сынактын максаты кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, кыргыз тили баа жеткис байлыгыбыз экенин даңазалоо, кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо, калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Сынактык чыгармалар 2023-жылдын 20-ноябрына чейин кабыл алынат. Сынактык чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 25-ноябрдан 10-декабрга чейин жүргүзүлөт. Жыйынтык 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө чыгарылат.
Сынакка катышуунун шарттары:
- Кыргыз жарандары тарабынан жазылган кыргыз тилиндеги чыгармалар кабыл алынат;
- Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт;
- Сынакка катышуу үчүн авторлор конкурстук иштери менен катар өзү тууралуу маалымат камтыган билдирмени сынактын чыгармаларын кабыл алуу мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырышы керек.
Сынакка арыздарды электрондук почта аркылуу adabiyat.kg@gmail.com дарегине “Конкурска” деген белги менен жөнөтүү керек, эгерде кагазга түшүрүлгөн варианттар болсо (басма текстин) Улуттук жазуучулар союзунун Бишкек шаарындагы дарегине алып келүүсү шарт. Дареги: Эркиндик бульвары 54. Сурап билүү үчүн телефон: 0312 62 39 24, 0708 50 28 80.