Калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлбөйт

Жаңы тарифтик саясатты талкуулоодон кийин калк үчүн тарифтерди бирдей деңгээлде калтыруу чечими кабыл алынды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Энергетика жана өнөр жай министрлиги тастыктады.

Жаңы тарифтер жөнгө салуучу таасирди анализдөө процедурасынан өтүп, андан кийин коомдук талкууга коюлгандыгы белгиленди. Анын алкагында Президент Садыр Жапаров тарифтерди көтөрбөөнү жана бийик тоолуу аймактарга керектөө чегин алып салууну сунуштаган. 

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары электр кубатын керектөө көлөмүнө карабастан жыл бою бир киловатт саатына 0,77 тыйындан төлөшөт. Калган жашоочулар 700 киловатт-саатка чейинки керектөө үчүн 0,77 тыйындан жана лимиттен ашканда 2,16 сомдон төлөшөт», — деп билдиришти башкармалыктан.

Ал эми электр энергиясын керектөөчүлөрдүн башка категориялары үчүн тарифтер өзгөрүлөт. 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап алар алгач сунуш кылынгандай болот. Калкты ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылган, ошондой эле канализация тутумунун муктаждыктары үчүн колдонулган насостук станциялар жана кудуктар үчүн электр энергиясына тариф 1 сом 9 тыйынды түзөт. Ушул эле тариф коомдук электромобилдерди кубаттоочу жайларга да колдонулат.

Электр транспорту, балдар интернаттары, майыптар жана / же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, диний уюмдар үчүн тариф калкка караганда жогору болот — 1 сом 68 тыйын.

Эми энергияны көп талап кылган өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн өзүнчө тариф болот. Кеп тоо-кен чарбалары, алтын казып алуу тармагынын ишканалары (алтынды калыбына келтирүүчү фабрикалар), куюучу жайлар, металлды электротермикалык иштетүүчү эритүү цехтери, цемент заводдору жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү ишканалар жөнүндө болуп жатат. Аларга баа 2,52 сом деп белгилешти.