Калкты тейлөө борборлорунда биометрикалык паспорт берүү үчүн документтер кабыл алынып баштады

Бүгүн, 3-майдан тартып биометрикалык паспорт берүү үчүн документтерди кабыл алуу иштери башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Акын Мамбеталиев брифинг учурунда билдирди.

«Эгерде шашылыш болбосо, документ 18 күндө даярдалат. Эгерде шашылыш болсо, анда Мамлекеттик каттоо кызматы 2006-жылдагы үлгүдөгү паспорт бере алат», — деди ал.

Мамбеталиев 1-майдан 31-августка чейин жарандардын 5 категориясы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Социалдык фонддун тизмелерине ылайык паспортту акысыз ала алышарын эске салды.