Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 349 миң 798 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.
Баткен округу боюнча 15 миң 325 адам (13,64 пайыз) добуш берди.
Ош округу боюнча 13 миң 419 адам (10,7 пайыз) добуш берди.
Кара-Суу округу боюнча 10 миң 84 адам (9 пайыз) добуш берди.