Калмаматовду колдоп жаткан экс-депутат Тербишалиев УКМКга сүйлөшүүгө чакырылды

«УКМК иштебей жатат деп жатасыңар. Иштеп жатат! Саясий туткун — Бактыбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, пост жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты». Бул тууралуу экс-депутат Данияр Тербишалиев соцтармактагы баракчасына жазды.

Экс-депутат буга чейин Бактыбек Калмаматовдун кармалышын саясий куугунтук деп жазган.

Кечээ, 17-январда президент Садыр Жапаров басылмалардын бирине маек берип, анда Бактыбек Калмаматовдун кармалышына байланыштуу суроого да жооп берген. «Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам» деген өлкө башчысы.

22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматов «Манас» аэропортунда Сауд Арабияга бара жаткан каттамдан калтырылып, УКМКга жеткирилген. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.