Коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Бишкектеги менчик ооруканалардын биринде дарыланып жаткандыгын “Азаттык” өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, депутат кан басымы жана жүрөк оорусунан улам ооруканага жаткырылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан жогорудагы маалымат боюнча комментарий берилбей турганын билдиришти.
Кубанычбек Жумалиев УКМК тарабынан 4-февралда коррупцияга шектелип кармалган. 1-мартта Бишкек шаардык сотунда иши каралып, жыйынтыгында аны камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылган болчу.