Камактагы жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин апасы Жапаров менен Ташиевге кайрылды

Камактагы жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин апасы Сайкал Аматбекова президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

«Сиздерден эркиндик, калыстык, кыргыз элинин келечеги үчүн деген Адилет баламды эркиндикке чыгарып беришиңерди суранам. Сиздер өтө татаал жолду, чындык деген жолду башыңыздардан өткөргөнсүздөр, а бүгүн сиздердин колуңуздарда Кыргызстан мамлекетинин бийлиги турат», — деди ал.

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек 29-июлга чейин камакта калтырылган. Ал милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кармалган.