Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүлүп, Ысык-Көлгө алып кетишкени айтылды

Кечээ, 4-октябрда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин сөөгү туугандарына өткөрүп берилген. Бул маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунан тастыкташты. 

Ал эми жергиликтүү ЖМКлар сөөктү аны туулган жери болгон Ысык-Көлгө алып кетишкенин жазып жатышат.

4-октябрда саат 15:30 чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Блондер паб» ресторанында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо операциясы жүрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Соцтармакта кармоо операциясынын жүрүшүнөн ок атышуунун үндөрү угулган видеолор да тараган. Кийинчерээк УКМК маалымат таратып, анын жок кылынганын билдирген.