Бүгүн, 31-августта Барпы айылында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 9 балалуу үй-бүлө кайрылып, жашоого үйү жок экенин айтты.
“Оштон келдик. Үч күндөн бери артыңыздан жүрөбүз”, — деди аял.
Төрага үй-бүлө башчысынын алты саны аман туруп, жардам сураганына ачууланды. Акырында үй-бүлөгө жер тилке бөлүп берүүнү тапшырып, үй салууну караштырарын айтты.