Камчыбек Ташиев Барпы айылынын молдосуна жаңы үй куруп берди

Бүгүн, 4-февраль күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевге жаңы үй куруп берди.
Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдолук кызматты аркалап келген. Ал өзүнүн жерине турак жай баштаганы менен, каражаттын жетишсиздигинен улам үйдүн курулушун толук бүтүрө албай калган. Айыл тургундарынын кайрылуусун уккан УКМК төрагасы молдонун турак жай маселесин жеке көзөмөлүнө алып, үйдүн курулушун толук бүтүрүп берип, ачкычын тапшырды. Айыл аксакалдары айыл молдосуна болгону колдоого Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирип, батасын беришти.