УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 22 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болгонун жазды.
«Атайын кайрылам, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө милдеттүүбүз. Эне бар үй-бүлө да бар, мекенибиз болот!» — деп жазды ал.
Баткендин Кадамжай районунда 22 жаштагы келин каза болгон. Милициядан кылмыш иш боюнча анын жолдошуна айып тагылып кармалганын билдиришти.
- 2-январь күнү саат 15:00 чамасында жаран аялы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндөгү ички көчөдө бара жатышып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жолдошу аялын колу менен муунткан. Аба жетпей аялы ошол жерде каза болгон. Каза болгон келиндин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын сол көз тарабында көгөргөн жарааттары жана мойнунда кол менен муунтулган белгилери бар экендиги аныкталган.