Бүгүн, 26-декабрда Жаңы жылды утурлай УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектеги угуусу начар жана кечирээк укпай калган балдар үчүн атайын жалпы билим берүү жатак-мектебиндеги зал менен спорт залдын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктагандан соң барды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алгач, Камчыбек Ташиев мектептин оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгүн карап чыгып, балдардын билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу, ошол эле учурда коопсуз шарттарды түзүү иштеринин маанисин белгиледи. Ошондой эле, төрага жатак мектептин кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан жаңы жылдык белектер жана бир миллион сом каржылык колдоо көрсөтүлдү. Мектеп-интернаттын окуучулары өз кезегинде жаңы жылдык майрамдык программа тартуулашты.
Адистештирилген жатак-мектептин жетекчилиги генерал-полковник Камчыбек Ташиевге жана УКМКнын бүтүндөй кызматкерлерине көрсөткөн колдоосу, көңүл буруусу жана камкордугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.