Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча баяндама жасады.
«Достук айылын толугу менен Тажикстанга бердик. Анткени ал биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Айылдан бизге стратегиялык же экономикалык пайда жок. 91 гектардын ордуна 91 гектар жер алдык. Бирок тажик тарапка Достук айылында жаңы үй курганбыз деп шарт койдук. Чек ара заставабыз да бар, ошону дагы кошуп бердик. Ушуга компенсация деп Кара-Бак айылынын жанынан 30 гектар сугат жер алдык. Достук айылындагыларды ал жерге көчүрүп, тургундарга мамлекеттин эсебинен кайрадан үй салып беребиз”, — деди ал.