УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мугалимдер арак ичпеши, тамеки чекпеши керек экенин айтты.
«Мугалим тамеки чекпеши керек. Бир дагы мугалимдин бир жерде отуруп арак ичкенин көрбөшүбүз керек. Мектепте эле эмес, башка жерлерде дагы. Андай мугалимди мектепке албагыла. Балдарга билим, тарбия берсин дейбиз»,- деди төрага.






