«Райым Матраимовдун мүлкү мамлекетке өтөт». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
«Матраимовго издөө жарыяланды. Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандын тегерегиндеги бардык мал-мүлкүн мамлекетке алабыз. Бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал мурдагы кыйын Райым болбойт, жөнөкөй адам болот», — деди ал.