Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жардам сураган 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берди

2025-жылдын 23-январында Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда үч эм төрөлгөн үй-бүлөнүн кайрылуусу жарыяланган. Аталган үй-бүлө оор материалдык абалына байланыштуу турак жай маселесин чечүү боюнча жардам сураган.
Буга чейин, 2025-жылдын 5-июлунда Сыргабаевдердин үй-бүлөсү Бишкек шаарынын мэриясына турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылып, бирок Бишкек шаарынын аймагында каттоосу жок болгондугуна байланыштуу баш тартуу жообун алышкан.
Р. Сыргабаев жана анын жубайы М.Калиева 2024-жылдын ноябрь айынан бери никеде турушат жана учурда ижарага алынган батирде жашашат. Үй-бүлөнүн башчысы курулуш объекттеринде жумушчу болуп эмгектенет.
Жаш үй-бүлөдө үч эмдин төрөлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу жана калктын өсүшүн колдоо максатында, генерал-полковник К.Ташиев тарабынан Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.