Камчыбек Ташиев: «Сузактагы 45 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон берилет»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузакта селден жабыркаган жарандар менен жолугуп, кесепетинен үйлөрү жараксыз абалга келип калган жарандарга 1 миллион сом, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон адамдарга 100 миң сомдон берилерин айтты.

«45 адам 1 миллион сомдон акча аласыңар. Үйлөрүңөрдү жаңыдан курасыңар. 73 адам 100 миң сом аласыңар. Үйлөрдү оңдоп-түздөйсүңөр. 40 адам 50 миң сомдон акча алып, короо-жайды оңдойсуңар. Бүгүн акчалардын баары Сузак райондук администрацияга которулду. Эртеңден баштап, карточка ачасыңар, акчаңар ошол жакка которулат. Ал эми 50 миң сомдон алчуларга колуна тапшырабыз»,— деди ал.

4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптап, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.