Камчыбек Ташиев: «Түндүк-түштүк, батыш-чыгыш кылып бөлгөндөр менен аёосуз күрөшөбүз»

Мамлекетти бөлүп-жаргандарга каршы аёосуз күрөш болот. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Мамлекеттин ичинде эле мамлекетти бөлүп-жарган, ар түрдүү партияларга, кландарга бөлүнүп алып мамлекетти оң-сол, өйдө-ылдый, түштүк-түндүк же батыш-чыгыш кылып бөлгөндөр менен аёосуз күрөшүшүбүз керек. Кыргызстан бир муштум болуп өнүгүшү керек. Бир регион өнүгүп кетип, экинчиси калып калбайт. Баарыбыздын максатыбыз өлкөдөгү жашаган жарандын турмушунун оңолушу керек. Баарын тегиздеп койдук деп айтпайбыз, ага убакыт керек экен. Кээде убакыт жетпей калып жатат. Садыр Жапаров башында турган бийликтин келгенине 4 жыл болот. Кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, аны көрүп жатасыңар», — деди ал.