Камчыбек Ташиев: «Ворух анклавын алмашууга даярбыз»

«Ворух анклавы боюнча Тажикстанга 2 сунушубузду бердик. Биринчи сунушубуз, ушул анклавды мыйзамдуу түрдө ченейбиз. Ченеп токтотобуз. Мындан ары анклав өспөйт. Бирок анклавдагы өзүбүздүн аянтыбызга пайдалануу үчүн гана жол беребиз. Ак-Сайды айланып өтө турган. 

Экинчиси, биз Ворух анклавды алмашууга даярбыз. Ворухту бизге таштаса, 12 300 гектардай жерди Лейлек районунун башка жеринен берүүгө даярбыз. Бирок бул боюнча Тажик тараптан жооп келе элек», — деди Ташиев.