Камырды үбөлүксүз жайган өзгөндүк келин: «Камыр 30 секундда даяр болот»

Камырды үбөлүксүз жайган өзгөндүк келин камырды жаюунун сырлары менен бөлүштү.

«Биринчи камырды жакшы кылып, тегиздеп үбөлүк менен жайып алабыз. Үбөлүк менен жайганда белибиз, колубуз ооруп калат. А бул камыр 30 секундда даяр болот. Ошол артыкчылыгы бар. Ун чачылат дегендер бар. Ун чачылбайт, эч жер ун болбойт. Камырды четинен кармаганга аракет кылыш керек. Жайылган камыр манты, оромого аябай жакшы болот. Мен камыр жайганды 16 жашымда үйрөнгөм»,- дейт ал.