Канал менен арыктарды тазалоого 8-мартка чейин убакыт берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда республика аймагындагы ирригациялык тармактарды жана каналдарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча конкреттүү иш пландар талкууланды.

«Каналдарды тазалоо жана ирригациялык тармактарды ишке киргизүү боюнча бардык иштер 8-мартка чейин жыйынтыкталышы зарыл, ошол эле учурда ар бир акимдин Айыл чарба министрилиги менен биргеликте иштелип чыккан вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча конкреттү иш-планы болушу тийиш», — деди Министрлер кабинетинин Төрагасы.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу кеңешме президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – район акимдеринин катышуусунда видеобайланыш режиминде өттү.