Тургунбеков Канатбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Канатбек Турганбеков 2016-жылдан 2020-жылга чейин «ЮСИС» юридикалык фирмасынын жетекчиси болгон. Буга чейин ал «Alfa Telecom» компаниясынын кадрлар боюнча директору болгон. 2008-2009-жылдары Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы болгон. Ошол учурда уюмду Садыр Жапаров жетектеген.