«Тойдогу не деген тамак жугундуга кетет». Шоумен Урмат Борченов жаңы эрежелердин уландысын жарыялады

Шоумен Урмат Борченов социалдык тармактагы баракчасына «Тойкананы кантип тандаш керек?» деген видео жарыялады.

Анда өлкөдө тойкананын көптүгүнөн баш айланарын, тойду энергияга толуп кетчү иш-чарага айландырса болорун айтат. Шоумен тойкананы 4 критерийге (кулак, курсак, тейлөө, көрк) ылайык тандоо керектигин билдирет.

Ал буга чейин тойду 2 эсе арзан өткөрсө болорун, 3 бөлүктөн турган тойдун 3-бөлүгүн алып салуу керектигин айткан болчу.