Каныбек Туманбаевди эмне үчүн «шоопурлардын шоопуру» дешүүдө? Анын өмүр баяны

Бүгүн, 30-майда Туманбаев Каныбек Тургунбекович Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын өмүр баяны менен тааныштырат.

Каныбек Туманбаев 1981-жылы 30-сентябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр инженердик-педагогикалык институтун бүтүргөн. ЖМКлар анын Икрамжан Илмияновго (ред. Алмазбек Атамбаевдин шоопуру) жакын экенин жазып чыгышкан.

2018-жылдын июнь айына чейин «Марс» телерадиокомпаниясынын негиздөөчүсү болгон, анын негизинде «Апрель ТВ» түзүлгөн. «Авиценна» эл аралык институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. 2012-2019-жылдары Каныбек Туманбаев BCS курулуш компаниясынын директору болгон. Ал 2015-жылы бийликчил КСДПдан парламентке талапкер болуп, 2020-жылы экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен байланышы бар “Биримдик” партиясынан депутаттыкка ат салышкан.

Социалдык тармактын колдонуучулары Туманбаевдин кызматка дайындалышы тууралуу ар кандай хештегдерди жазып жаткан чагы. Алардын арасында «шоопурлардын шоопуру» дегендер да бар.