Кар жаап, бороон-чапкын болууда. Өтмөк ашуусундагы абал

Аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 14-марта Бишкек-Талас унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда бороон-чапкын болуп, айдоочуларга жолду көрүү начарлады. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай аба ырайынын айынан оор жүк ташуучу унаалар ар кайсы жерде 15-20 мүнөттүк тыгынды пайда кылууда.

“Техникалар күнү-түнү тынбай иштеп жатат. Атайын кызматкерлер жолдорго кум себүүдө. Кырдаал боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Жол кайгуул кызматына маалымат берилген”, — деп айтылат билдирүүдө.