Садыр Жапаров 1 метрге жакын жааган карды жиреп, кыйынчылыкка карабай мектепке барган 4-класстын окуучусун президенттик балатыга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
“Бул видеону Садыр Нургожоевич өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду. Президентибиз мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди. Мындан тышкары билимге умтулган окуучуга мамлекет башчысынын атынан белек даярдалууда», — деп жазды Орунбеков.
Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек. Нурзаман мектептеги алдыңкы окуучулардын бири, математика жана кыргыз адабияты сабагына көп көңүл бурат. Ошондой эле сүрөт тартууга, спорттун футбол түрүнө шыктуу.