Кар көчкү жүргөн Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

4-январь күнү Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү 1500 м3 кар көчкү түшкөн. Мындан сырткары 70-80-чакырым аралыктарында кар күрткүлөр пайда болуп (50-90 сантиметр), унаа жолу убактылуу жабылган.

Аталган унаа жолунун 47 жана 107-чакырымдарында ИИМдин ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №26 ЖТИден 1 бульдозер, 1 жүктөгүч, №44 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда тазалоо иштеринин жыйынтыгында Кара-Кулжа — Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды, абал тынч.