Кара-Балта шаарынын бир бөлүгү убактылуу ичүүчү суусуз калды

Кара-Балта шаарынын Калинин жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде авария болуп, анын кесепетинен шаардын төрттөн үч бөлүгү ичүүчү суусуз калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Суу менен камсыздоо цехинин бригадасы жеринде авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө», — деп билдиришти.

Маалым болгондой, саат 16:00гө чейин Ленин, Калинин, Бейшеналиева, Свердлов көчөлөрүндө, ошондой эле Батыш кварталында суу болбойт.