Кара-Балтадагы саунада 25 кыз интимдик кызмат көрсөтөбү? Милициянын жообу

Кечээ, 23-декабрда соцтармактарга Кара-Балта шаарында 25 кыз интимдик кызмат көрсөтөт, аны алардан улуу аялдар көзөмөлдөп жатканы тууралуу видео тараган. Видеодогу жарандар укук коргоо кызматкерлерин буга көңул бурууга чакырышкан.

Чүй ОИИБи факты каттоого алынганын билдирди. «Бардык жагдайларды толук жана бейтарап аныктоо үчүн факты каттоого алынды. Тергөө иштери башталды. Чүй облусунун милиция кызматкерлери аталган жайга барганда, эшиктери бек, иштебей турганын аныкташкан. Териштирүү уланат», — деп айтылат маалыматта.