Кара-Кечеде кесек көмүр эртеңден тарта жүктөлөт

Кара-Кечеде кесек көмүр эртең, 4-январдан тарта жүктөлөт. Бул туралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан маалымдашты.
Көмүр ташыган айдоочулар Кара-Кече көмүр кесиминен 2023-жылдын 4-январынан баштап кесек көмүр ташууга келишсе болот. Ал эми ЖЭБна ташылган майда көмүр токтоосуз кесимден ташылууда. Мындан ары Бишкек ЖЭБна штаттык режимде ташуу улана берет.