Кара-Кулжада 13 жаштагы кызды бутунан тиштеп, сүйрөгөн карышкыр муунтуп өлтүрүлдү. Окуянын чоо-жайы

Кара-Кулжада 13 жаштагы кызды бутунан тиштеп, сүйрөгөн карышкыр 36 жаштагы кошунасы тарабынан муунтуп өлтүрүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июлга караган түнү Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Карагайты жайлоосунда короодогу малга карышкыр кол салган. Аны байкап калган Коо-Чаты айылынын 13 жаштагы тургуну эшикке кол чырак менен чыкканда аны карышкыр бутунан тиштеп, сүйрөгөн. Кыйкырыкты уккан 36 жаштагы кошунасы жардамга келип карышкырды муунтуп өлтүргөн. Кесепетинен эки жаран Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилген.

Аталган жагдай Кара-Кулжа РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан башка жарандарды жырткыч жаныбарлардын кол салуусунан коргоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.