Кара-Кулжада 20 жылдыктар классташына үй куруп беришти (видео, сүрөт)

Кара-Кулжа районундагы Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа айылынын 1985-жылкы жигиттери 20 жылдыкты утурлай өздөрүнүн классташына үч бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Залкар Оморов билдирди.

«Кара-Кулжа районунун башчысы-аким Дамир Кулубаев өзү келип үй ээсин куттуктап, акчалай белегин тапшырды жана үй куруп берген жигиттерге ыраазычылык билдирди. Чалма айыл өкмөтү тарабынан дагы жардам көрсөтүлдү. Кыргызстаныбызда ушундай жакшы саамалыктар көп болсун», — деп жазды ал.