Кара-Кулжада өрттөнгөн мектеп. Жаңы мектепти курууну тездетүү тапшырылды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылындагы өрт кырсыгы болгон Кебек Мамаев атындагы орто мектептен кабар алды.

Элчибек Жантаев өрттөлгөн билим уясынын жанына курулуп жаткан эки кабаттуу жаңы мектеп имаратын курууну тездетүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырган.

«Айылдын мектеп жамааты жана калкы менен болгон жолугушууда ар бир адамды сабырдуулукка чакырып, жаңы окуу жылында балдардын билим алуусунда эч кандай тыныгуу болбостугун баса белгиледи. Ошондой эле жаңы мектептин курулушу өлкө башчысы Садыр Нургожоевичтин тыкыр көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. Облус жетекчиси мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо жана келтирилген зыянды эсептөө иштерин тездетүү зарылдыгына көңүл бурду»,— деп айтылат маалыматта.

2-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектебинде өрт чыккан. Депутат Эмил Токтошев буга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган.