Кара-Кулжадагы жер көчкү. «Тургундар оорукана, төрөтканага жете албай жатышат» дейт депутат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жер көчкү жүргөн Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылынын тургундары 10 күндөн бери ооруканага, төрөтканага жете албай жатканын, буга жол жабылып калганы себеп болгонун айтты.

Анын айтымында, жер көчкүдөн кийин жолдор тазаланбай, эл шаарга чыга албай, сырт жак менен байланыш үзүлгөн. Ал тиешелүү ведомстволорго жолду тазалоо боюнча тапшырма берүүнү өтүндү.

Ал арада ӨКМ маалымат таратып, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымында бүгүн, 19-декабрь күнү жер көчкүнү тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылганын билдиришти.

«7-декабрда Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун Көк-Жар тилкесине жалпы көлөмү 12 000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган. Көчкүдөн жабыркагандар жок жана жергиликтүү эл Шаркыратма айылы аркылуу айланма жол менен өтүүдө»,— дешти.