Кара-Суу району жарыксыз калды

Кара-Суу району нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жарыксыз калды. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагынан» билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 00:29 чамасында аба-ырайынын кескин начарлашынын натыйжасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун электр объектисин суу каптаган.

«Сел «Табачная» көмөкчордонунун жабдууларын каптап кетти, буга байланыштуу ишканага караштуу Ош филиалынын кызматкерлери подстанциянын шаймандарын кол менен өчүрүштү. Түнкүсүн жеринде ыкчам калыбына келтирүү топтору суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатышат. Күндүз керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү улантылат», — деп айтылат маалыматта.