“Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту 14 жылдан кийин ишке кирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун кайрадан ишке киргизүү аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун кайрадан ишке киргизилиши – бул президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин чечкиндүү саясий кадамдарынын негизинде аткарылганын айтып, мындан ары эки мамлекеттин жарандары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөөрүнө ишенимин билдирди.

“Буга чейин көп убакыт кезекте туруп “Достук-унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүп келген Кыргыз жана Өзбек жарандарынын бир бөлүгүнө “Кара-Суу – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пункту аркылуу өтүүгө шарт түзүлөт. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – бул эл аралык өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу жана жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү. Биздин көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун ачып жаткан бүгүнкү аракеттерибиз эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, социалдык, маданий байланыштарды тереңдетүүгө жана туристтик агымдарды кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат”, – деди Бакыт Төрөбаев.

«Кара-Суу – унаажол» көзөмөлдөө-өткөрүү пункту – Кыргызстан тараптан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын аймагында, ал эми Өзбекстан тараптан Андижан облусунда жайгашкан. Көзөмөлдөө-өткөрүү пункту мындан 14 жыл мурда өз ишмердигин убактылуу токтоткон болуучу. Учурда кайрадан ишке киргизилген бул пункт бардык талаптарга жооп берет.